> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропортунда 1 млн сомдон ашык суммадагы баалуу металл уютундусу кармалды
- URL: https://im.kg/all/2022/12/02/manas-aeroportunda-1-mln-somdon-ashyk-summadagy-baaluu-metall-ujutundusu-karmaldy/
- Published: 2022-12-02T09:36:34.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:54:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» бажысы 1 млн сомдон ашык суммадагы контрабандалык табигый уютундуну кармады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.**  

Ушул жылдын 11-ноябрында Бишкек – Дубай авиакаттамы менен учуп келе жаткан Fly Dubai авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү бажы көзөмөл зонасынан өтүүдө, Кытай жараны «И.Т.» кармалган.  

> “Жарандын рюкзагын текшерүү учурунда бажылык тариздөөнү  
> тастыктаган **эч кандай документтери жок сары металлдан** табигый уютундулар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 240 граммды түзгөн. Баалоочу компаниянын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы **1 млн 836 миң сомду** түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар КРын мыйзамдарына ылайык, караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Foto-GTS-3.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Foto-GTS-3.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Foto-GTS-2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Foto-GTS-2.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Foto-GTS-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Foto-GTS-1.jpeg)