> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Январь-ноябрь айларында пенсияга 52.5 млрд сом кетти - эң көп пенсионерлер Ош облусунда
- URL: https://im.kg/all/2022/12/02/yanvar-noyabr-ajlarynda-pensiyaga-52-5-mlrd-som-ketti-e-k-p-pensionerler-osh-oblusunda/
- Published: 2022-12-02T15:13:20.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:12:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-ноябрь айларында пенсияга 52 млрд 595.2 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Соцфонддон билдиришти.**

Республика боюнча эң көп пенсия Ош облусуна берилет, бул калктын жыштыгы менен шартталган.

- Бишкек шаары — 8 млрд 483.9 млн сом
- Чүй облусу — 7 млрд 947.6 млн сом
- Нарын облусу — 4 млрд 174.6 млн сом
- Ысык-Көл облусу — 4 млрд 769.9 млн сом
- Талас облусу — 2 млрд 180.6 млн сом
- Ош шаары — 1 млрд 883.1 млн сом
- Ош облусу — 9 млрд 639.2 млн сом
- Баткен облусу — 4 млрд 465 млн сом
- Жалал-Абад облусу — 9 млрд 051.2 млн сом.

Пенсиялардын каржылануусу 2022-жылдын ноябрь айында 5 млрд 872.7 млн сомду түздү. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 735 миң пенсионер бар.