> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түштүк Корея Жогорку Кеңешке 200 миң долларлык жабдууларды тапшырды
- URL: https://im.kg/all/2022/12/10/t-sht-k-koreya-zhogorku-ke-eshke-200-mi-dollarlyk-zhabduulardy-tapshyrdy/
- Published: 2022-12-10T16:23:10.000Z
- Updated: 2022-12-10T16:23:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Түштүк Корея Жогорку Кеңешке 200 миң долларлык тармактык жабдууларды тапшырды. Тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев менен Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) КРдагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Жонгсу кол коюшту.**

Документке кол коюу иш-чарасы 9-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиевдин Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ менен жолугушуусунун алкагында өткөнүн парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

> Жолугушууда Түштүк Кореянын элчиси KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн иши тууралуу айтып, уюм **2023-жылдан 2027-жылга чейин парламентти санариптештирүүнүн** алкагында долбоорду ишке ашыра баштаарын билдирди.

Тараптар ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.