> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альфа Телеком» «Евразия сактык банкынын» 9.4% акциясына ээ болду
- URL: https://im.kg/all/2022/12/12/alfa-telekom-evraziya-saktyk-bankynyn-9-4-akciyasyna-ee-boldu/
- Published: 2022-12-12T12:51:03.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:34:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Альфа Телеком» ЖАК (MEGA уюлдук оператору, мамлекеттик үлүшү 100%) «Евразиялык сактык банкы» ААКсынын 9.42% акциясына ээ болду. Мындай маалымат Кыргыз фондулук биржасында жарыяланды.**

Билдирүүгө ылайык, 2-декабрда банктын баалуу кагаздары «Борбордук депозитарий» ЖАКтын номиналдык кармоосунан «Альфа Телеком» ЖАКтын жеке эсебине чегерилген.

> Жалпысынан «Альфа Телекомго» жалпы номиналдык наркы **28 млн 269.7 миң сомду** түзгөн 1.4 млн даана акциялар чегерилген. Бүтүмдөрдөн кийин банктын уставдык капиталындагы уюлдук компаниянын үлүшү 9.42%ды түздү.