> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгында 30 млн сомду «кымырып» алышкан
- URL: https://im.kg/all/2022/12/12/ch-j-oblusunun-kapitaldyk-kurulush-bashkarmalygynda-30-mln-somdu-myjzamsyz-chygaryp-alyshkan/
- Published: 2022-12-12T10:57:21.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:58:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма келишимдерди түзүү менен бюджеттен 30 млн сомду кымырып алышканын УКМК билдирди.**

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын жана **Турак жай-курулуш департаментинин кызмат адамдары** тарабынан документтерди кызматтык жасалмалоо жана жасалма подряд түзүү жолу менен, өзгөчөири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча маалыматтар алынган.

> “2019-жылдын декабрь айында тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма кошумча келишимдерди түзүү менен подрядчы **«С.Т.» ЖЧКсынын пайдасына 30 млн сомдон ашык суммадагы каражат республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып**, иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылган эмес”, – деп айтылат маалыматта.  

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки териштирүү  
иштеринин алкагында подряддык компаниянын директору К.А.Д. КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. 

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аныктоого байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.