> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ирригация жана метеорология тармагына 50 млн доллар бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/12/12/d-jn-l-k-bank-kyrgyzstanga-irrigaciya-zhana-meteorologiya-tarmagyna-50-mln-dollar-b-l-t/
- Published: 2022-12-12T16:08:15.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:36:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дүйнөлүк банк КРнын Жаратылыш ресурстар министрлигине 50 млн доллар насыя берди. Бул каражаттар кайда жумшалып жатканы тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Динара Кутманова билдирди.**

Министрдин билдирүүсүнө караганда, Дүйнөлүк банктын насыясы пайызсыз негизде жана 10 жылга кредиттик өргүү менен берилген.

> «Бул абдан жакшы шартта берилген насыя. 10 жылдан кийин биз бирдей бөлүп төлөйбүз. Компоненттер төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн: Бишкек мэриясы ирригацияга 16 млн доллар, Кыргызгидрометти жабдууга 34 млн доллар бөлүнөт. Бир бөлүгү көмүрдүн сапатын текшерүү лабораториясын жабдууга жумшалат», – деди Динара Кутманова.