> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дем берүүчү гранттардын эсебинен 560 млн сомго 287 долбоор каржыланды - эң көп Жалал-Абадга бөлүнгөн
- URL: https://im.kg/all/2022/12/12/dem-ber-ch-granttardyn-esebinen-560-mln-somgo-287-dolboor-karzhylandy-e-k-p-zhalal-abadga-b-l-ng-n/
- Published: 2022-12-12T16:45:51.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:38:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылга “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 560.6 млн сомго 287 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфраструктуралык объектилерин (социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртуу максатында 2022-жылга “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 600.0 млн сом каралган. 

> 2022-жылы ишке ашырууга 297 долбоор бекитилген.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого берилген арыздар боюнча 2022-жылдын 11 айында “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 560.6 млн сомго 287 долбоор каржыланган, анын ичинен 148 объекти бүткөрүлгөн. 

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Screen-Shot-2022-12-12-at-16.39.17-1.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Screen-Shot-2022-12-12-at-16.39.17-1.png)

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Screen-Shot-2022-12-12-at-16.40.02.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Screen-Shot-2022-12-12-at-16.40.02.png)

**Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар** – жергиликтүү бюджеттердин үлүштүк катышуусу менен долбоордук-сынактын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына КРнын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.