> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын БАЭ менен соода жүгүртүүсү: экспорт – 5 эсеге, импорт – 10%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/12/12/krnyn-bae-menen-sooda-zh-g-rt-s-eksport-5-esege-import-10-ga-st/
- Published: 2022-12-12T17:33:56.000Z
- Updated: 2022-12-12T17:35:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2019-2021-жылдар аралыгында КРнын Бириккен Араб Эмираттары менен соода жүгүртүүсү – 2.9 эсеге, анын ичинде экспорт – 5.4 эсеге, ал эми импорт 10.2%га өскөн. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында өткөн Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынында өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү дээрлик **70 млн долларды** түзгөнүн айтты.

> “Үстүбүздөгү жылдын **8 айында 69 млн долларды** түздү. Биз бул жагымдуу динамиканы сактап гана тим болбостон, аны мындан ары да бекемдөө үчүн биргелешип иш алып баруубуз керек”, – деди ал. 

Жапаров ошондой эле КР БАЭге эт азыктарын, экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди, бал, кургатылган мөмө-жемиштерди, төө буурчакты, консерваланган продуктуларды жана кийизден жасалган буюмдарды жеткирүү көлөмүн жогорулатууга даяр экендигин белгиледи.

Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколго кол коюлду.