> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызиндустрия» ААК зергерчилик заводун түзүүнү көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2022/12/12/kyrgyzindustriya-aak-zergerchilik-zavodun-t-z-n-k-zd-d/
- Published: 2022-12-12T09:40:03.000Z
- Updated: 2022-12-12T09:40:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызиндустрия» ААК Кыргызстанда мамлекеттик монета сарайын жана зергерчилик заводун түзүү долбоорун баштады. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылат.**

Долбоорду «Кыргыззергер.кей джи зет» ЖЧК туунду компаниясынын базасында ишке ашыруу пландалууда.

«Кыргызиндустриянын» маалыматына таянсак, Кыргызстан жылына 20 тоннага жакын алтын өндүрөт жана өндүрүү боюнча да КМШда төртүнчү, дүйнөдө 28-орунда турат. Бирок алтынды кайра иштетүү деңгээли боюнча (зергер буюмдарды, куймаларды, ордендерди, медалдарды, монеталарды өндүрүү) аябай эле төмөнкү көрсөткүчтөрдү берет.

> «Долбоорду ишке ашыруунун алкагында стратегиялык чөйрө, тобокелдиктерди, потенциалдарды жана мүмкүнчүлүктөрдү баалоо, 600дөн ашык жумушчу орундарын түзүү жана ченемдик-укуктук колдоо керек», – деп айтылат билдирүүдө.

Компания бул долбоорго байланыштуу башка маалыматтарды азырынча жарыялай элек.