> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 30 тонна минералдык жер семирткичти Баткенден аткезчилик жолу менен өткөрүүгө аракет кылышкан
- URL: https://im.kg/all/2022/12/13/30-tonna-mineraldyk-zher-semirtkichti-batkenden-atkezchilik-zholu-menen-tk-r-g-araket-kylyshkan/
- Published: 2022-12-13T11:13:13.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:41:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Сокулуктагы кампалардын биринен алынган 30 тонна минералдык жер семирткичти Баткен аркылуу баш өлкөгө аткезчилик жол менен алып чыгууга аракет кылышкан. Бул тууралуу УКМК билдирди.**

И. Акыбаев деген жарандын башкаруусунда 08KG155AKT мамлекеттик номурлуу Volvo FH үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа **30 тонна (карбамид) минералдык жер семирткич** менен коңшу тарапка алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган. Айдоочунун айтымында, ал бул жүктү Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан кампалардын биринен Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылына алып келген.  

> “Жүктү таразага тартууда «Кольцо» транспорттук контролдоо пунктунун кызматкерлерине ашыкча салмагы үчүн 113 миң 500 сом айып салынды. Көрсөтүлгөн жүктүн чыныгы ээси – Кулунду айылынын тургуну жана аткезчилик менен алектенген Жолчиев Артык Бакирдинович экендиги аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.  

Аталган факты Автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат журналына катталып, ишти аныктоо боюнча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/WhatsApp-Image-2022-12-13-at-09.41.52.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/WhatsApp-Image-2022-12-13-at-09.41.52.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/WhatsApp-Image-2022-12-13-at-09.41.53-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/WhatsApp-Image-2022-12-13-at-09.41.53-1.jpeg)