> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Араб инвесторлору КРнын аэропортторун, бажы жана чек ара постторун реконструкциялашат
- URL: https://im.kg/all/2022/12/13/arab-investorloru-krnyn-aeroporttorun-bazhy-zhana-chek-ara-posttorun-rekonstrukciyalashat/
- Published: 2022-12-13T09:12:34.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:48:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Араб инвесторлору КРнын аэропортторун реконструкциялоого жана ошондой эле бажы жана чек ара постторун модернизациялоого 800 млн доллар жумшоону пландашууда. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына жумушчу сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Тук Аль-Марри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

> Тараптар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту, атап айтканда, учурда AD Ports Group компаниясы менен эки багыт боюнча – **КРнын аэропортторун реконструкциялоо жана куруу**, ошондой эле **бажы жана чек ара постторун модернизациялоо** боюнча тыгыз кызматташуу жүргүзүлүүдө.

Аталган долбоорлордун жалпы наркы 800 млн АКШ долларына жакын каражатты түзөт.