> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарынын мэриясы жаңы мончо комплексин курууга 180 млн сом жумшайт
- URL: https://im.kg/all/2022/12/13/bishkek-shaarynyn-meriyasy-zha-y-moncho-kompleksin-kuruuga-180-mln-som-zhumshajt/
- Published: 2022-12-13T16:42:39.000Z
- Updated: 2022-12-13T16:42:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын мэриясы Жибек-Жолу проспектиси, 286 дарегинде жаңы мончо жана эс алуу комплексин курууга дээрлик 180 млн сом бөлүүнү карап жатат.**

Мончо комплексин курууга тендерди мэриянын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекеттик сатып алуулар [порталында](http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=360739478) жарыялады.

Тендердик документацияда курулуштун алдын ала сметалык баасы **179 млн 592.5 миң сом** суммасында көрсөтүлгөн. Ошондой эле комплекс жертөлөдөн жана эки үстүңкү кабаттан турганы көрсөтүлгөн. Долбоордун аянты жана башка деталдары көрсөтүлгөн эмес. Курулуш мөөнөтү да белгисиз.

Жарыяланган тендердин алкагында 27-декабрга чейин мончо жана эс алуу комплексин куруу боюнча подрядчылардын арыздары кабыл алынат.