> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Британиялык эксперттер КРнын авиациясын Евро Биримдиктин «кара тизмесинен» чыгарууга көмөктөшөт
- URL: https://im.kg/all/2022/12/13/britaniyalyk-ekspertter-krnyn-aviaciyasyn-evro-birimdiktin-kara-tizmesinen-chygaruuga-k-m-kt-sh-t/
- Published: 2022-12-13T15:15:35.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:27:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуу Британиянын жарандык авиация башкармалыгы, мамлекеттик авиарегулятор Кыргызстандагы авиациялык коопсуздукту жакшыртууга көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилиги билдирди.**

Элчилик британиялык адистердин биринчи тобу өткөн аптада Бишкекке таанышуу сапары менен келип кетишкенин кабарлады.

Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында CAAi эксперттери Кыргызстандын бийлигине төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

- Учуулардын коопсуздугунун мамлекеттик программасын эл аралык талаптарга ылайык кайра карап чыгуу жана жаңылоо
- Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлорун жана тармактык персоналды коопсуздук эрежелерин сактоонун акыркы стандарттарына үйрөтүү
- Учуулардын коопсуздугу боюнча мамлекеттик жаңы программаны ишке ашыруу боюнча теориялык жана практикалык курстар берилет.

Элчилик долбоор 2023-жылдын жай айларында аяктарын, анын натыйжасында, Кыргызстанда коопсуздуктун жана көзөмөлдүн деңгээлин жогорулай тургандыгын, ошондой эле бул **республикага өзүнүн авиация тармагын Европанын “кара тизмесинен” чыгарууга** жардам берерин айтат.

> “Учуулардын коопсуздугу боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги менен кызматташууга кубанычтабыз. 2009-жылы мындай программаны ишке ашырууга киришкен авиациялык регулятор катары ноу-хау жана баалуу билимдерге ээ Улуу Британиянын эксперттери Кыргызстанга пайда алып келет деген ишеничтебиз”, – деди Роб Эрскайн, CAAi эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси.

Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО, ИCАО) талаптарына ылайык, ар бир мамлекет мындай программага ээ болушу жана аны аткарышы керек. Долбоор 2022-жылдын декабрында башталып, 2023-жылдын биринчи жарымында аякташы күтүлүүдө.

- **UK Civil Aviation Authority International (UK CAAi)** – Улуу Британиянын жарандык авиация башкармалыгынын авиация тармагында техникалык жардам көрсөтүүчү, кеңеш берүүчү органы болуп саналат.