> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бул жылы Кыргызстанда расмий жумушсуз адамдардын саны 76 миңден ашты
- URL: https://im.kg/all/2022/12/13/bul-zhyly-kyrgyzstanda-rasmij-zhumushsuz-adamdardyn-sany-76-mi-den-ashty/
- Published: 2022-12-13T15:50:47.000Z
- Updated: 2022-12-13T15:50:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны 2022-жылдын ноябрь айынын акырына карата 76.4 миң адамды түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 2022-жылдын январь-ноябрь айларында КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсү деп аталган отчетунда айтылат.**

> Бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2.9%га азайган (2021-жылдын январь-ноябрында 0.2%га өскөн). Ал эми расмий эмес жумушсуз жарандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн. 

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) октябрь айындагы отчетунда 2023-жылы Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 9%ды түзөрү [айтылат](http://localhost/info-portal/news/2022/10/14/kyrgyzstanda-zhumushsuzduk-eki-zhyl-boju-9-de-geelinde-saktalat-evftin-bolzholu/).

Ал эми КРда иш менен камсыз кылуу кызматына атайын катталган жумушсуз жарандардын саны 2022-жылдын **февраль айында эле** 76.5 миңди түзгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык коммиссиясынын [маалыматында](http://www.eurasiancommission.org/ru/act/integr%5Fi%5Fmakroec/dep%5Fstat/econstat/Documents/Express%5FUnemployment/expressunemp202202.pdf) айтылат.