> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан газдын арзандыгы боюнча дүйнөнүн ТОП-5 өлкөсүнө кирди
- URL: https://im.kg/all/2022/12/13/kyrgyzstan-gazdyn-arzandygy-bojuncha-d-jn-n-n-top-5-lk-s-n-kirdi/
- Published: 2022-12-13T14:05:55.000Z
- Updated: 2022-12-14T09:25:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан суюлтулган углеводород газынын (СУГ) баасынын арзандыгы боюнча дүйнөнүн ТОП-5 өлкөсүнө кирди. Мындай маалыматты дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө күйүүчү-майлоочу майлардын баасын көзөмөлдөгөн Global Petrol Prices аналитикалык ресурсу келтирди.**

> Ресурстун маалыматы боюнча, 5-декабрга карата КРда газдын орточо баасы **0.347 долларды** түзөт.

Алжир, Ангол, Сауд Арабиясы жана Россия сыяктуу мунай жана газ өндүрүүчү өлкөлөрдө гана СУГ арзаныраак.

> Дүйнөдө күйүүчү жаратылыш газынын орточо баасы Кыргызстандагыдан эки эсе кымбат – **0.74 доллар.**

Суюлтулган газдын эң жогорку баасы Швеция, Швейцария жана Германияда.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/SUG.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/SUG.png)