> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ОКӨФ бекиткен насыялардын көлөмү 470 млн долларга жетти
- URL: https://im.kg/all/2022/12/13/ok-f-bekitken-nasyyalardyn-k-l-m-470-mln-dollarga-zhetti/
- Published: 2022-12-13T13:36:15.000Z
- Updated: 2022-12-13T13:43:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**1-декабрга карата Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Кыргызстандагы ишкерлерге 3 269 жеңилдетилген насыя берүүнү жактырды. Бекитилген кредиттердин жалпы суммасы 471.3 млн долларды түзгөнүн фонддун финансылык отчетунда айтылат.**

> ОКӨФтүн түз каржылоосу аркылуу жалпы суммасы 252 млн долларга **98 ири насыя** берилген.

> Фонддун өнөктөшү болгон банктар жана микрофинансылык уюмдар аркылуу кичи жана орто бизнеске берилген кредиттердин саны 219.3 млн доллар өлчөмүндө **3 171** кредитти түздү.

Кредиттин басымдуу бөлүгү айыл чарбага жана өндүрүшкө берилген. Ошондой эле инфраструктураны, туризмди, транспортту жана байланышты жана маалыматтык технологияларды, финансылык ишмердүүлүктү жана башка тармактарды өнүктүрүүгө кредиттер берилген.

Эске салсак, ОКӨФ кредиттерди түз жана өнөктөш банктар аркылуу берет. Насыялар жылдык 4% үстөк менен берилет.