> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен жана Оштогу куралдуу кагылышууда жабыркагандардын 333 кредити жоюлду
- URL: https://im.kg/all/2022/12/14/batken-zhana-oshtogu-kuralduu-kagylyshuuda-zhabyrkagandardyn-333-krediti-zhojuldu/
- Published: 2022-12-14T09:42:09.000Z
- Updated: 2022-12-14T09:42:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын негизинде 333 кредит жоюлган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.**

Улуттук банктын берген маалыматына таянсак, 2022-жылдын 8-декабрына карата финансы-кредит уюмдарына (ФКУ) 476 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен **24 716 миң сом** суммасында 333 кредит жоюлган, 53 491 миң сом суммасында 202 кредит реструктуризацияланган. 

> “Азыркы тапта, ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды карап жатат, алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт”, – деп айтылат маалыматта.