> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлиги казинолордогу салык ставкаларын олуттуу түрдө төмөндөтүүнү сунуштады
- URL: https://im.kg/all/2022/12/14/ekonomika-ministrligi-kazinolordogu-salyk-stavkalaryn-oluttuu-t-rd-t-m-nd-t-n-sunushtady/
- Published: 2022-12-14T13:53:03.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:54:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Экономика министрлиги казинодогу оюн-зоок ишмердүүлүгүнө салыктын ставкалары боюнча министрлер кабинетинин токтомун коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөн салыктык ставкалар эки жума мурда Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталгандан бир топ эле төмөн.**

Документке ылайык, Экономика министрлиги кумар оюндарына салыктын ставкаларын төмөнкүдөй өлчөмдө белгилөөнү сунуштап жатат:

- бир казино оюн столу үчүн:  
2022-жылы – 450 миң сом  
2023-жылы – 600 миң сом  
2024-жылдан баштап – 750 миң сом.
- оюн автоматтары жана компьютердик симуляторлор залынын бир оюн автоматы үчүн:  
2022-жылы – 10 миң сом  
2023-жылы – 15 миң сом  
2024-жылдан баштап – 20 миң сом.

Эскерте кетсек, ноябрь айынын аягында Жогорку Кеңештин сайтында ушул эле токтомдо казинодо салыктын өлчөмүн жогорулатуу сунушталган. Аларга салыштырмалуу бул сунуш бир оюн үстөлүнө салыктын ставкаларын **40%га**, ал эми оюн автоматтары үчүн салыктын ставкаларын **беш эсеге** төмөндөтүүнү кароодо.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда букмекердик конторанын бир кассасы менен тотализатордун салыктары боюнча сунуш жок болуп кеткен. Буга чейинки редакцияда букмекердик кеңселерден 200 миң сомдон 500 миң сомго чейин салык алуу сунушталган болчу.