> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИИМ таксисттерди лицензия алууга милдеттендирет жана оң рулдуу унаалар менен ташууга тыюу салат
- URL: https://im.kg/all/2022/12/14/iim-taksistterdi-licenziya-aluuga-mildettendiret-zhana-o-rulduu-unaalar-menen-tashuuga-tyjuu-salat/
- Published: 2022-12-14T09:02:21.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:00:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ички иштер министрлиги Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоону көздөөдө. Лицензия алуу үчүн жеке жактар 500 сомдон, ишканалар 1000 сомдон төлөш керек болот.**

Мындай маалыматты 13-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

> Такси кызматын көрсөтүүгө лицензия алуу үчүн айдоочунун **үч жылдан кем эмес** **айдоочулук стажы**, автоунааны техникалык кароодон өткөрүү, патент алуу жана Социалдык фондго социалдык төлөмдөрдү төлөөсү зарыл.

Кошумчалай кетсек, ИИМ **оң рулдуу унааларды такси кызматы менен алектенүүгө тыюу салууну** көздөп жатат — лицензия сол рулдуу унааларга гана берилет.

Урмамбетовдун айтымында, алар лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндүгү үчүн жеке жактарга **5 500 сом**, юридикалык жактарга **17 000 сом** өлчөмүндө айып пул салууну көздөшүүдө.