> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстан Кыргызстан Түркмөнстандан сатып алган электр энергиясын иштетип жиберген – кийинчерээк кайтарып берүүнү убада кылууда
- URL: https://im.kg/all/2022/12/14/zbekstan-kyrgyzstan-t-rkm-nstandan-satyp-algan-elektr-energiyasyn-ishtetip-zhibergen-kijinchereek-kajtaryp-ber-n-ubada-kyluuda/
- Published: 2022-12-14T09:20:05.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:07:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өзбекстан өз муктаждыгы үчүн Кыргызстан Түркмөнстандан сатып алган электр энергиясын пайдаланган. Ташкент Бишкектин “электр карызын” жакын арада төлөп берүүнү убада кылууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги [билдирди](https://ru.sputnik.kg/20221212/kyrgyzstan-uzbekistan-ehlektroehnegriya-postavki-1071009951.html).**

Электр энергиясынын тартыштыгынан жана өлкө боюнча өчүрүү коркунучунан улам Өзбекстан Кыргызстан Түркмөнстандан сатып алган электр энергиясын пайдаланып жатканын Sputnik агенттигине Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.

> «Өзбекстандын энергетика системасы мындай көлөмдөрдү өткөрүп жибере албайт: ал жерде чоң тартыштык бар. Алар бул электр энергиясын алып, бирок бизге жетпей калган. Жалпысынан алар \[электр энергиясын кайтаруу\] милдеттенмелерин алышты», – деп түшүндүрдү Байгазиев.

Улуттук энергохолдингдин башчысы быйыл Түркмөнстандан **1.3 млрд киловатт-саат** электр энергиясын импорттоо боюнча мурда келишимдерге кол коюлганын билдирди.

Улуттук энергохолдингдин өкүлү Өзбекстан КРга таандык канча электр энергиясын “иштетип жибергенин” жана “электр карызын” качан жаба ала турганын билдирген жок.