> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чет элдик жарандын 40 миң долларын тартып алган уурулар кармалды
- URL: https://im.kg/all/2022/12/15/chet-eldik-zharandyn-40-mi-dollaryn-tartyp-algan-uurular-karmaldy/
- Published: 2022-12-15T12:02:42.000Z
- Updated: 2022-12-15T12:03:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан чет элдик жаранга кол салган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

> 2022-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне жазуу жүзүндө арыз менен Казакстан Республикасынын жараны Д.Ш кайрылган. Анда, үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында ботаникалык бакчадан **физикалык күч колдонуп, белгисиз маркадагы тапанча менен коркутуп, 40 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын** тартып алышкан. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен.

Иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмышты жасоого 2-3 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Борбор калаанын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүлөр 1993-жылы туулган И.И, 1991-жылы туулган Б.Б. жана 1996-жылы туулган Т.У. кармашкан. 

Алар уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тургандыгы аныкталган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бардык шектүүлөргө карата эки айга Бишкек шаарынын №1 СИЗОсуна камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.