> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР кайра жаралуучу булактардан электр энергиясын өндүрүү боюнча БАЭнин «МАСДАР» компаниясы менен келишим түздү - долбоор 180 млн $
- URL: https://im.kg/all/2022/12/15/kr-kajra-zharaluuchu-bulaktardan-elektr-energiyasyn-nd-r-bojuncha-baenin-masdar-kompaniyasy-menen-kelishim-t-zd/
- Published: 2022-12-15T10:29:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:32:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика министрлиги энергиянын кайра жаралуучу булактарынан электр энергиясын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы БАЭнин “МАСДАР” компаниясы менен келишимге кол койду. Бул тууралуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Умбриель Темиралиев билдирди.**

Анын айтымында, күндөн жаралган таза жашыл энергия үчүн **1 гигаваттык ири келишим** түзүлгөн жана анын **биринчи фазасынын кубаттуулугу 200 мегаватты** түзөт. 

> “Мекенибиз электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө муктаж, ошону менен бирге бул транзакция Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгына карай жана абанын булганышына каршы күрөштө ишенимдүү кадам болуп саналат. Биз комплекстүү түрдө келишимди жыйынтыктап, 8 саат бою Таалайбек Ибраев, КРнын БАЭдеги элчилиги жана “МАСДАР” компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. 

> Биз өлкөнүн бардык кызыкчылыктарын ийгиликтүү коргой алдык деп эсептейм жана КРнын делегациясынын БАЭдеги иш сапарынын акыркы күнүндө келишимге кол коюлду”, – дейт ал.

Түзүлгөн келишимдин негизинде 4 ай Masdar компаниясы изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Андан соң июнь айында станцияны куруу келишимине толук кандуу кирише баштайт. План боюнча станция 2025-жылы эксплуатацияга берилет. Инвестор катары Masdar компаниясы 200 МВтка **180 млн доллар** андан ары 1 млрд долларга чейин салым кошот. Мындан тышкары, Энергетика министринин презентациясынан соң Masdar компаниясы “гидроэнергетикага” дагы салым кошууга кызыктар экенин билдирди.