> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда виртуалдык активдерди төлөм каражаты катары колдонууга болбойт - Улуттук банк
- URL: https://im.kg/all/2022/12/15/krda-virtualdyk-aktivderdi-t-l-m-karazhaty-katary-koldonuuga-bolbojt-uluttuk-bank/
- Published: 2022-12-15T09:54:10.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:59:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк ЖМКларда КРнын аймагында виртуалдык активдерди пайдалануу аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө мүмкүндүк берген кызматтардын ишке киргендиги тууралуу маалыматтын жарыялангандыгына байланыштуу маалымат берди.**

Улуттук банк КРнын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына ылайык, КРнын аймагында виртуалдык актив **төлөм каражаты, валюта жана/же баалуу кагаз болуп саналбай** тургандыгын билдирет. 

> “Ушуга байланыштуу, Улуттук банк КРнын аймагында виртуалдык активдерди товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары колдонууга, ошондой эле соода жана тейлөө ишканаларына товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын **виртуалдык активдер менен көрсөтүүгө жол берилбей тургандыгын** белгилейт”, – дейт регулятор. 

КРнын «КРнын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, **сом** Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча чектөөлөрсүз кабыл алынууга милдеттүү болгон **жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты** болуп саналат.