> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандан акчанын рекорддук агылып чыгуусу эки айдан бери уланууда
- URL: https://im.kg/all/2022/12/15/kyrgyzstandan-akchanyn-rekordduk-agylyp-chyguusu-eki-ajdan-beri-ulanuuda/
- Published: 2022-12-15T11:48:39.000Z
- Updated: 2022-12-15T11:48:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Октябрь айында Кыргызстандан акчанын агылып чыгышы 160 млн доллардан ашты, бул экинчи рекорддук көрсөткүч. Бул тууралуу Улуттук банктын жеке адамдардын акча которууларынын көлөмү боюнча маалыматы тастыктайт.**

Кыргызстандан жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө ири көлөмдөгү акча каражаттарын чыгаруу эки айдан бери уланууда. Сентябрь айында КРдан акча каражаттарынын рекорддук агылып чыгуусу, тагыраак айтканда, **170.4 млн доллар** чыкканы катталган.

> Октябрь айында акча каражаттарынын агылып чыгышы бир аз кыскарып, ал **160.4 млн долларды** түзгөн. Бирок бул тарыхтагы экинчи чоң көрсөткүч. Октябрда сентябрь айына салыштырмалуу каражаттардын агылып чыгышынын азайышы Түркиядан башка бардык багыттар боюнча белгиленген. **Кыргызстандан Түркияга** акча каражатын чыгаруу 3.5%га өсүп, ал **57.3 млн долларды** түзгөн.

Ошол эле учурда Кыргызстандан таза каражаттардын агылып чыгуусу байкалган жок. Улуттук банк да өлкөгө ири суммадагы акча келип жатканын каттады. Октябрь айында мамлекетке сырттан **286.9 млн доллар** түшкөн. КРдан кеткен каражаттарды эсепке албаганда, оң сальдо 126.5 млн долларды түзгөн.