> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МЖӨ борбору 30 млрд сомдук 15 келишимге кол койду
- URL: https://im.kg/all/2022/12/15/mzh-borboru-30-mlrd-somduk-15-kelishimge-kol-kojdu/
- Published: 2022-12-15T13:38:06.000Z
- Updated: 2022-12-15T13:38:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору (МЖӨ) 2022-жылы 30 млрд сомдук 15 келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда МЖӨ борборунун директору Санжар Болотов журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.**

> «Буга чейин биздин долбоордук портфелибиз 32 долбоор болсо, 2022-жылдын аягына карата 56 долбоорду түздү. 2022-жылы тартылган инвестициянын жалпы суммасы 30 млрд сомдон ашык сумманы түзүп, 15 келишимге кол коюлду», – деди Болотов.

Ошондой эле ал учурда жалпысынан 18 долбоор ишке ашырылып, алар менен келишим түзүлгөнүн, 4 долбоор конкурс этабында, 3 долбоор тикелей сүйлөшүү этабында, 31 долбоор даярдалып жатканын кошумчалады. Кол коюлган келишимдердин алкагында 500дөн ашык жумуш оруну түзүлмөкчү.