> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Прокуратуранын кызматкерлери, адвокат жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалды
- URL: https://im.kg/all/2022/12/15/prokuraturanyn-kyzmatkerleri-advokat-zhana-zheke-auditor-para-alyp-zhatkan-zherinen-karmaldy/
- Published: 2022-12-15T09:20:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:16:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМК Башкы прокуратура менен чогуу жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, прокуратуранын кызматкерлери, адвокат жана жеке аудитор пара алып жаткан жеринен кармалган.**

УКМКнын берген маалыматына таянсак, **100 миң сом** өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү А.М.Ш., адвокат Т.З.М. жана жеке аудитор Т.С.Т. кармалды.  

> “Аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алышып, КРнын Б.К.С. аттуу жаранына карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.  

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Башкы  
прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.