> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия КРдан келген мигранттардын жүрүү шарттарын жөнөкөйлөтөт – өлкөдөн чыкпастан кирүү максатын өзгөртүүгө болот
- URL: https://im.kg/all/2022/12/15/rossiya-krdan-kelgen-migranttardyn-zh-r-sharttaryn-zh-n-k-jl-t-t-lk-d-n-chykpastan-kir-maksatyn-zg-rt-g-bolot/
- Published: 2022-12-15T14:29:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:15:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алкагында ЕАЭБден келген мигранттардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Россияда жүрүүсү жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул протоколду РФнын Мамлекеттик Думасы 13-декабрдагы пленардык жыйынында ратификациялаганын «Парламенттик гезит» [жазып ](https://www.pnp.ru/social/migrantam-iz-eaes-uprostyat-rezhim-prebyvaniya-v-rossii.html)чыкты.**

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин башчысынын орун басары Дмитрий Волвачтын айтымында, протоколдо 137 түзөтүү камтылган.

> «Биринчиден, ЕАЭБге кирген эмгек мигранттарынын Россияда жүрүү жана кесиптик ишмердүүлүк режими жөнөкөйлөтүлөт, бизнестен административдик жүк түшүрүлөт», – деди ал.

Маалыматта эмгек мигранттары **иштеп жаткан мамлекеттин аймагынан чыкпай туруп, кирүү максатын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү** бар экендиги айтылат. Ошондой эле педагогикалык жана юридикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү квалификациялар, илимий даражалар жана наамдар жөнүндө документтерди таанууну карайт.

> «Бул өзгөртүүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Россияда иштеп жаткан 1.5 миллиондон ашык мигранттарга таасир этет», – деди Волвач. Документте ошондой эле бажы көзөмөлү жана салык төлөөдөн качууга каршы күрөшүү боюнча эрежелер такталган.