> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Абактагы бизнесмен Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ишкерге тиешелүү жерди тартып алганын билдирди
- URL: https://im.kg/all/2022/12/16/abaktagy-biznesmen-ajyl-charba-ministri-askarbek-zhanybekov-ishkerge-tieshel-zherdi-tartyp-alganyn-bildirdi/
- Published: 2022-12-16T14:32:46.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:38:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта жаткан ишкер, активист Илгиз Шаменов Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков анын мыйзамдуу жерин тартып алганын [билдирди](https://www.facebook.com/Lolbors/posts/pfbid02tcxAjMZp2kuZtd39rGzU7tBUi1q4RMCbtKy5rkYSo7pCNybpFdNhidmN6uu7WcU2l).** 

> “Мага карата бийлик тараптан, тагыраагы Айыл чарба министри **Аскарбек Жаныбеков** тарабынан рейдерлик басып алуу, дагы да болсо ушул тапта уланууда. Бүгүн адвокатым СИЗОго келип, менин Таш-Көмүр суу сактагычында жайгашкан **5 гектар балык чарбага алынган, мыйзамдуу жеримди, мыйзамсыз түрдө, соттун чечими менен тартып алганын** айтты. 

Сот отуруму дагы мыйзамсыз түрдө өткөн, бизге эч кандай чакыруу кагазы келген эмес. Айтбай дебей эле, соттун чечими бир тараптуу чыккан. Бул жерге менин канчалаган акчаларым кеткен, долбоорду жана башка бүт документтерин бүтүргөнгө. Ошондой эле жазында бул жерге чоң балык чарбасын курууну көздөп, керектүү иштерди жүргүзүп жатканбыз. 

> Урматтуу, Садыр Нургожоевич, сиз учурунда түрмөдө мыйзамсыз жаткандай, мен дагы эч бир далил жок түрмөдө отурам. Сизди калыс болууга, адилеттүү болууга чакырам. Мен билем, сизге бир тараптуу, бурмаланган маалыматтар жетип жатат. Туура чечим чыгаруу үчүн эки тарапты тең угуп, анан чечим кабыл улуу керек. Жок дегенде менин ишкерлигиме асылбай, калыс болсоңуз жигитче болот эле. СИЗО-1 16-декабрь 2022-жыл”, – деп жазат ишкер өзүнүн билдирүүсүндө.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Screen-Shot-2022-12-16-at-14.21.10.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Screen-Shot-2022-12-16-at-14.21.10.png)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/balyk1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/balyk1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/balyk2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/balyk2.jpeg)

---

Эскерте кетсек, буга чейин «Тянь-Шань Форель» балык чарбасынын директору, ишкер Илгиз Шаменов менен Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Фейсбуктан [кайым айтышып келишкен.](http://localhost/info-portal/news/2022/08/11/ajyl-charba-ministrinin-myjzamsyz-yjgaryp-algan-degen-toyota-land-cruiser-prado-unaasy-talkuuda/)

Ага чейин ишкер Шаменов министр Жаныбековдун коркутуп-үркүтүүлөрүн, мыйзамсыз, себепсиз текшерүүлөрүн айтып, УКМКнын жетекчисине [ачык кайрылуу жолдогон.](https://economist.kg/novosti/2022/08/09/vladelec-rybnogo-hozyajstva-tyan-shan-forel-napisal-tashievu-ob-ugrozah-so-storony-glavy-minselhoza/) Ага Шаменовдун **Айыл чарба министрлигиндеги 1 млрд сомдук коррупциялык** иштин бетин ачуу боюнча аракеттери себеп болгон. 

Ошондой эле Шаменов бийлик тараптан куугунтуктоо болгонун жана учурда ал Россияга кетип, балык чарба бизнесин ал жактан улантканы жатканын өзүнүн Фейсбук баракчасында [билдирген эле](https://www.facebook.com/Lolbors/posts/pfbid037jYnKUtuYKPAoLVPZbyLsHib3tt7wdLeJXqvJ7V5VuDA4HU3PWpW72ry79pZLfKPl).

Кийинки убактары Шаменов бийликтин саясий ишмердүүлүгүнө жана Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы пикирлерин [билдирип](https://www.facebook.com/Lolbors/posts/pfbid02jgHWWbkZdexf6RZmat4ahCM7zQ2yTSjBqZm76TU98mzkYBYFhRpWqmxSaFAZP1CYl) жүргөн. Жыйынтыгында, Москвадан кармалып келип, Кыргызстанда башка активисттер менен кошо [абакка киргизилген.](http://localhost/info-portal/news/2022/10/28/bizdi-t-kooptuu-kylmyshkerlerdej-ele-tashiev-z-baryp-moskvadan-bizdi-suraptyr-aktivist-ilgiz-shamenov/)

***Кошумча окуңуз:***

[Министр менен бизнесмендин тиреши: Айыл чарба министрлиги «Тянь-Шань Форель» ЖЧКсында мыйзам бузууларды таап чыкты](http://localhost/info-portal/news/2022/09/15/ministr-menen-biznesmendin-tireshi-ajyl-charba-ministrligi-tyan-shan-forel-zhchksynda-myjzam-buzuulardy-taap-chykty/)

[Айыл чарба министринин «мыйзамсыз ыйгарып алган» деген Toyota Land Cruiser Prado унаасы талкууда](http://localhost/info-portal/news/2022/08/11/ajyl-charba-ministrinin-myjzamsyz-yjgaryp-algan-degen-toyota-land-cruiser-prado-unaasy-talkuuda/)