> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде 20 млн сомго табигый таштан жол жана тротуар курулат
- URL: https://im.kg/all/2022/12/16/batkende-20-mln-somgo-tabigyj-tashtan-zhol-zhana-trotuar-kurulat/
- Published: 2022-12-16T13:42:36.000Z
- Updated: 2022-12-16T13:47:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Дөбө айылында табигый таштан жол жана тротуарлар курулат. Долбоордун баасы 19.5 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Бул долбоордун тапшырыкчысы КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө ишканасы, подрядчы «Жалалабат АБЗ» ААКсы (асфальт-бетон заводу) саналат.

> Долбоордун сметалык баасы – **19.5 млн сом** жана ал 3 км жолго жана эки көчөнүн тротуарына бөлүнөт. 

Учурда Дөбө айылында табигый ташты кесүүчү завод берилген өлчөмдөргө ылайык ишке киргизилип, жолдун 1 чакырым тилкесиндеги табигый таш төшөө үчүн фундаменти даярдалды.

Эгерде жолдун таш төшөлмөсүн куруу боюнча пилоттук долбоор оң натыйжа берсе, жолдун бир бөлүгүн табигый таш менен төшөө ыкмасы **улуттук долбоор катары** каралып, өлкө боюнча киргизилет.