> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткендик ишкерлерге жылдык 1% үстөк менен насыя берилет, бирок күрөө керек
- URL: https://im.kg/all/2022/12/16/batkendik-ishkerlerge-zhyldyk-1-st-k-menen-nasyya-berilet-birok-k-r-kerek/
- Published: 2022-12-16T12:24:31.000Z
- Updated: 2022-12-16T12:24:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарынын ишкерлери мамлекеттен жылына 1% менен жеңилдетилген насыя ала алышат, бирок насыя алуу үчүн күрөө керектелет.**

Жеңилдетилген насыялар бериле тургандыгы тууралуу 15-декабрда Баткен жана Ош облустарындагы жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүү маселеси боюнча жеринде өткөн жыйында айтылганын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

> Куралдуу кагылышуулардын натыйжасында, бузулган жана талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык, **1 млн сомго** чейин жана **5 млн сомго** чейин кредиттер берилет. 

**5 млн сомго** чейин чыгашага учураган ишкерлер жылдык 1% үстөк менен **5 млн сомго** чейин насыяларды ала алышат. **5 млн сомдон** аз зыян тарткан ишкерлерге **1 млн сомго** чейин насыя берилет.

> Кредит үч жылдын ичинде квартал сайын төлөнөт. Кредиттер **күрөө менен гана** берилет.

Карыздын негизги суммасын төлөөдө жана негизги сумма боюнча чегерилген пайыздык чен боюнча жеңилдетилген мезгил 1 жылды түзөт. Финансылык санкциялар мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан алынат, жылына 2% өлчөмүндө аныкталат.