> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги таштанды жайдагы түтүндөн арылууга 22 млн сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/all/2022/12/16/bishkektegi-tashtandy-zhajdagy-t-t-nd-n-aryluuga-22-mln-som-b-l-n-t/
- Published: 2022-12-16T09:15:47.000Z
- Updated: 2022-12-16T09:15:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектин таштанды таштоочу жайындагы түтүн менен күрөшүүгө шаардык бюджеттен 22 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.** 

Абдыкадыровдун айтымында, бул каражатка таштанды таштоочу жайдын айланасына бетон плиталары орнотулат. Бул анын аймагын жакынкы турак жай массивдеринин жашоочуларынан тосууга мүмкүндүк берет.

> «Ошондой эле ал жерге камералар орнотулуп, ташылып келген таштандылардын жүк жазуусу жүргүзүлөт», – деди Абдыкадыров.

Шаар башчысы таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушун баштоодон мурда түтүн маселесин чечүү керектигин белгиледи. Буга чейин[ Economist.kg](https://economist.kg/novosti/2022/12/15/mer-bishkeka-nazval-novuju-datu-nachala-stroitelstva-musoropererabatyvajushhego-zavoda/) мэрия бул заводду куруу боюнча чет элдик компаниялардын эки сунушун карап жатканын жана анын курулуш мөөнөтү дагы жылдырылганын кабарлаган болчу.