> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин директору алмашты
- URL: https://im.kg/all/2022/12/16/mamlekettik-arhitektura-kurulush-k-z-m-l-departamentinin-direktoru-almashty/
- Published: 2022-12-16T10:18:10.000Z
- Updated: 2022-12-16T10:18:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Талантбек Иманакун уулу Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

38 жаштагы **Талантбек Иманакун уулу** 2009-жылдан 2019-жылга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызмат системасында эмгектенген. 2020-жылдан 2021-жылга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары боюнча аймактар ​​аралык башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. 

2022-жылдын августунан декабрына чейин минкабга караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаарындагы Архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча шаардык башкармалыгынын жетекчиси болгон.