> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бийлик өзүнө Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагын лизингге алат
- URL: https://im.kg/all/2022/12/19/bijlik-z-n-bombardier-challenger-zhe-embraer-legacy-uchagyn-lizingge-alat/
- Published: 2022-12-19T15:59:36.000Z
- Updated: 2022-12-19T15:59:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз бийлиги иш сапарларга учуу үчүн Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагын алууну көздөөдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.**

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатат. 

> “Бул же Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот. Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттер үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон. 
> 
> Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президент Жапаровдун Катар Мамлекетине болгон бүгүнкү иш сапары дагы”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров Катарга футбол көрүүгө жеке бизнес учак менен барган. Журналисттер Бишкектен Дохага учуунун баасы **25-30 миң доллар** болгонун иликтеп чыгышкан. Акыркы бир жыл ичинде бул Садыр Жапаровдун жеке учак менен **бешинчи жолу** учушу. Буга чейин ал бизнес учак менен Глазго, Пекин, Нью-Йорк жана Астанага барып келген.