> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Дос-Кредобанк» таза кирешесинин 25%ын акционерлерине берет
- URL: https://im.kg/all/2022/12/19/dos-kredobank-taza-kireshesinin-25-yn-akcionerlerine-beret/
- Published: 2022-12-19T16:24:08.000Z
- Updated: 2022-12-19T16:24:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Дос-Кредобанк» ААК 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча таза кирешесинин 25%ын акционерлерине берет. Мындай чечим акционерлердин 8-декабрдагы кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды. Мындай маалыматты Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.**

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун жүрүшүндө 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча банктын таза кирешесинин 25%ын акционерлерге бөлүп берүү чечими кабыл алынды.

> 2021-жылы акциянын бир дивидендинин өлчөмү **37.6 сомду** түздү. Дивиденддерди төлөөнүн формасы накталай акча түрүндө болот. Дивиденддер 12-декабрдан тартып төлөнө баштайт.