> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эки акционер «Ак-Куу» канаттуулар фабрикасынын 98% акциясына ээ болушту
- URL: https://im.kg/all/2022/12/19/eki-akcioner-ak-kuu-kanattuular-fabrikasynyn-98-akciyasyna-ee-bolushtu/
- Published: 2022-12-19T10:49:22.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:55:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандагы эң ири канаттуулар фабрикаларынын бири “Ак-Куунун” дээрлик 98% акциясын көзөмөлдөө укугу эки адамга өттү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) билдирүүсүндө айтылат.** 

2-декабрдан тарта “Ак-Куу” ААКтын 5%дан ашык баалуу кагаздарына ээлик кылган адамдардын реестринде эки адам пайда болду:

- **Мырзаев Азис Мырзаевич**, ал акциялар пакетинде 48.8250% үлүшкө ээ болду
- **Чолпонбаев Чынгыз Мырзаевич**, 48.8248% үлүшкө ээлик кылат.

Белгилей кетсек, буга чейин 30-сентябрга карата “Ак-Куу” ААКтын акцияларынын ээси катары 357 акционер катталган. Алардын арасында 5%дан ашык үлүшү бар акционерлер болгон эмес. Компаниянын башкы директору болуп Нургүл Малабаева эсептелет.