> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Канттан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 34 эсе өстү – 566 млн доллар
- URL: https://im.kg/all/2022/12/19/kanttan-eaeb-lk-l-r-n-eksporttun-k-l-m-34-ese-st-566-mln-dollar/
- Published: 2022-12-19T17:08:23.000Z
- Updated: 2022-12-19T17:10:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын он айында Кант шаарынын ишканаларынан ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар экспорттоо 566 млн долларды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорт 34 эсеге (2021-жылы 16.4 млн доллар) өскөн. Мындай маалыматтар КРнын Улуттук статистикалык комитетинин талдоолорунда берилет.**

> Жалпысынан Чүй облусу экспорттун көлөмү боюнча биринчи орунда турат жана анын суммасы **257 млн доллардан 728.6 млн долларга** өскөн.

Ошондой эле Бишкектен экспорттолгон товарлардын көлөмү дагы өстү, тагыраак айтканда, 2021-жылы 192.6 млн доллар болсо, 2022-жылы **276 млн долларга** жеткен.

Жеке адамдар да товарларды көп жөнөтө башташкан – ал 58.3 млн доллардан 148.7 млн долларга чейин өскөн.