> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Катализатору жок автоунааларга 20 миң сомдон айып пул киргизүү сунушталууда
- URL: https://im.kg/all/2022/12/19/katalizatoru-zhok-avtounaalarga-20-mi-somdon-ajyp-pul-kirgiz-sunushtaluuda/
- Published: 2022-12-19T12:02:15.000Z
- Updated: 2022-12-19T12:02:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Унааларында катализаторунун жоктугу үчүн жеке жактарга 20 миң сомдон айып салуу сунушталууда. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.**

Негиздөө маалымкатына ылайык, алгачкы мамлекеттик каттоодо, кайра каттоодо, каттоо маалыматтарын өзгөртүүдө, транспорттун катализаторлору жок учурда жеке жактарга – **20 миң сом**, юридикалык жактарга – **65 миң сом** айып салынат.

> Эске салсак, автоунаалар КРда айлана-чөйрөнү, башкысы абанын сапатын булгаган негизги булак болуп саналат. “Унаа” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-январына карата өлкөдө **1.1 млн** унаа катталган.

Эскерте кетсек, 1995-жылдан тартып республикада автоунаалардын саны он эсеге өстү. Буга чейин учурда Кыргызстанда **1.4 млн автоунаа** бар экенин [айтылган](http://localhost/info-portal/news/2022/02/01/kyrgyzstanda-1-4-mln-avtounaa-bar/).