> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандан БАЭге товар экспорттоо үч жылда 5 эсеге өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/12/19/kyrgyzstandan-baege-tovar-eksporttoo-ch-zhylda-5-esege-st/
- Published: 2022-12-19T10:52:43.000Z
- Updated: 2022-12-19T13:55:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2019-2021-жылдары Кыргызстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) товарлардын экспорту беш эседен ашык өстү. Мындай маалыматты КРнын Экономика министрлиги билдирди.**

> Кыргызстан БАЭ менен соода алакасында экспортту **10 млн доллардан 55 млн долларга** чейин көбөйттү.

Негизги экспорттолуучу товардык топторго — механикалык жана электр жабдуулары, минералдык азыктар, оптикалык жабдуулар, бал, эт азыктары (кой эти), тамеки, жаңгак кирет.

Ошол эле кезде БАЭден КРга **импорт 32%га**, тагыраак айтканда, 11 млн доллардан 15 млн долларга чейин өстү. Импорттун негизги үлүшүн даяр тамак-аш, механикалык жана электр жабдуулары, химиялык жана тамеки азыктары, чай, чийки пальма майлары туура келген.