> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги курулуп жаткан турак-жайлардын электрондук базасы түзүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/12/20/bishkektegi-kurulup-zhatkan-turak-zhajlardyn-elektronduk-bazasy-t-z-l-t/
- Published: 2022-12-20T09:12:07.000Z
- Updated: 2022-12-20T09:12:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте курулуп жаткан объекттердин электрондук базасы түзүлөт. Пилоттук долбоордун бет ачары 19-декабрда болуп, аны Мамкурулушка караштуу Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы даярдаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.**

Бул электрондук маалымат базасы шаар куруу мыйзамдарына ылайык, курулуп жаткан турак-жайларга **прокурордук жана мамлекеттик көзөмөлдү жогорулатат**, ошондой эле мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүүгө жардам бермекчи.

Кошумчалай кетсек, келечекте бул электрондук база жарандарга бардык курулуштар боюнча толук маалымат алууга мүмкүндүк берет.