> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектен Караколго ыңгайлуу GoBus маршруттук каттамдар жүрө баштайт
- URL: https://im.kg/all/2022/12/20/bishkekten-karakolgo-y-gajluu-gobus-marshruttuk-kattamdar-zh-r-bashtajt/
- Published: 2022-12-20T17:16:23.000Z
- Updated: 2022-12-20T17:17:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**26-декабрдан баштап Бишкек – Каракол – Бишкек багытындагы маршруттук каттам ишке кирет. Эми Караколго ыңгайлуу GoBus унаалары менен жетүүгө болот. Бул тууралуу КР Туризмди колдоо фондунун басма сөз кызматы билдирди.**

Шаттлдын артыкчылыктары болуп тейлөөнүн жогорку стандарттары, так графиктер, акысыз Wi-Fi жана коопсуздук эсептелет. Автобустар Ысык-Көл облусунун түндүк жээги менен Караколго каттайт.

Аялдамалар: Бишкек, Балыкчы, Чолпон-Ата, Ананьево, Түп, Каракол. Жол кире **450 сом** өлчөмүндө болот. Билетти Go Bus мобилдик тиркемесинен буюртма берсе болот.