> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Он бир айда Салык кызматы 185 млрд сом салык жыйнады
- URL: https://im.kg/all/2022/12/20/on-bir-ajda-salyk-kyzmaty-185-mlrd-som-salyk-zhyjnady/
- Published: 2022-12-20T15:25:52.000Z
- Updated: 2022-12-20T15:26:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 11 айында Мамлекеттик салык кызматы 185 млрд 848.9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

> Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 55.8 млрд сомго көп.

“СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, ККМ, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча “Жыйынды пост” системасы ж.б. ишке киргизилиши да оң таасирин тийгизген.

Буга чейин [Economist.kg кабарлагандай,](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/18/salyk-kyzmaty-i-kvartalda-36-4-mlrd-som-chogulttu/) быйылкы жылга Салык кызматынын алдына **155.6 млрд сом** салыктарды жана **41.7 млрд сом** камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.