> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт министрлиги жолдорду кулаган таштардан тосуу үчүн Кытайдан 59 млн доллар грант алууну көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2022/12/20/transport-ministrligi-zholdordu-kulagan-tashtardan-tosuu-ch-n-kytajdan-59-mln-dollar-grant-aluunu-k-zd-d/
- Published: 2022-12-20T16:24:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:31:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Кытайдан 59 млн доллар грант алууну пландап жатканын Транспорт министрлигинин башчысы 20-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.**

Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаевдин айтымында, Кытайдан алынчу каражат Түндүк-Түштүк жолунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу объектилерди курууга жумшалат. Ал аталган багыттагы жолдо таштардын кулап жатканы байкалганын кошумчалады.

> «Беш объекттин курулушу каралууда: үч галерея жана эки көпүрө. Жалпы баасы **59 млн долларды** түзөт. Кытай менен гранттык келишимдин долбоору даярдалып жатат», – деген ал трассанын экинчи фазасы ишке берилгенин кошумчалады.