> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абаддын жаңгагы менен мистеси EU Organic сертификатын алышты - Европанын базарына чыгууга мүмкүнчүлүк берет
- URL: https://im.kg/all/2022/12/20/zhalal-abaddyn-zha-gagy-menen-mistesi-eu-organic-sertifikatyn-alyshty-evropanyn-bazaryna-chyguuga-m-mk-nch-l-k-beret/
- Published: 2022-12-20T10:25:54.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:44:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абад облусундагы “Ишкер-KG” кооперативи Евробиримдиктин өлкөлөрүнө продукцияларды экспортко чыгарууга мүмкүндүк берген EU Organic эл аралык сертификатын алды. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) ноябрдагы жаңылыктар жыйнагында айтылат.**

“Ишкер-KG” 320 майда фермердин башын бириктирип, алардан 500 тоннага чейин жаңгак, мисте, итмурун сатып алат. Мындан тышкары, кооператив 200 тоннага чейин жапайы жаңгак терет.

> «Бул сертификат аларга өз продукциясын Европанын жана КМШ өлкөлөрүнүн жаңы рынокторуна экспорттоого мүмкүндүк берет», – деп билдирди USAID.

Буга чейин USAID Талас облусунун төө буурчак өндүрүүчүлөрү эл аралык аудиттен ийгиликтүү өтүп, продукциясын Европа өлкөлөрүнө жеткирүү үчүн Евробиримдиктин органикалык сертификатын алышканын билдирген болчу.

***Кошумча окуңуз:***

[Sun Planet Organic – Кыргызстандын жер жемишин өздүк бренд менен дүйнөгө экспорттогон жаш ишкер Бекназар Асановдун баяны](http://localhost/info-portal/news/2022/01/18/sun-planet-organic-kyrgyzstandyn-zher-zhemishin-zd-k-brend-menen-d-jn-g-eksporttogon-zhash-ishker-beknazar-asanovdun-bayany/)