> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тамекиден түшкөн салыктык жоготуулар 2.5 эсеге көбөйүп, 2 млрд сомду түзөт
- URL: https://im.kg/all/2022/12/21/tamekiden-t-shk-n-salyktyk-zhogotuular-2-5-esege-k-b-j-p-2-mlrd-somdu-t-z-t/
- Published: 2022-12-21T18:14:26.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2025-жылга карата мыйзамдуу тамеки рыногунун төмөндөшүнөн улам акциздик салыктын жетишсиздигинен жоготуулар 2.5 эсеге өсүп, дээрлик 2 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу көз карандысыз эксперт Андрей Красников билдиргенин 24.kg жазды.**

Алсак, эксперттин айтымында, келерки жылы рынокто тамекинин мыйзамдуу рыногунун төмөндөшүнөн улам акциздик жоготуулар **794 млн сомду** түзөт.

> «2025-жылга чейин мыйзамдуу тамеки рыногу 67%га кыскарат. Эгерде 2017-жылы 4.8 млрд тамеки болсо, 2025-жылга карата 1.5 млрд даана болот. Ошол эле учурда акциздик салыктын түшүүсү да кыскарган. Эгерде 2021-жылы бул көрсөткүч 6.1 млрд сом болсо, 2022-жылы 5.5 млрд сомго азайган», — деди Красников.

Ал ошондой эле 2017-жылдан 2022-жылга чейинки маалыматтар боюнча Кыргызстанда мыйзамдуу тамеки рыногунун төмөндөшү 49% түзгөнүн билдирди.