> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коммерциялык банктардын кирешеси январь-ноябрь айларында 21.7 млрд сомго жетти - бул жаңы рекорд
- URL: https://im.kg/all/2022/12/22/kommerciyalyk-banktardyn-kireshesi-yanvar-noyabr-ajlarynda-21-7-mlrd-somgo-zhetti-bul-zha-y-rekord/
- Published: 2022-12-22T10:15:58.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:34:39.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жалпы кирешеси 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Улуттук банктын алдын ала маалыматы боюнча 21 млрд 732 млн сомду түздү.**

Отчеттук мезгилде алынган таза кирешенин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5.5 эседен ашык, банктар 3 млрд 935 млн сом пайда алышкан.

Алынган пайданын көлөмү Кыргызстандын бүткүл тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча банктардын жалпы кирешеси болгону 3.6 млрд сомду, 2020-жылы 2.3 млрд сомду, 2019-жылы 3 млрд сомду түзгөн.