> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын экономикасына 20 млн сом салган инвестор 10 жылга виза ала алат
- URL: https://im.kg/all/2022/12/22/krnyn-ekonomikasyna-20-mln-som-salgan-investor-10-zhylga-viza-ala-alat/
- Published: 2022-12-22T12:20:31.000Z
- Updated: 2022-12-22T12:20:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**21-декабрда Жогорку Кеңеште инвесторлорго КРга виза алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча мыйзам экинчи окууда каралып, кабыл алынган. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.**

Мыйзам долбоорунда инвестиция үчүн КРда жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн инвестициялык визанын жарактуулугун белгилөө сунушталууда.

> Экономикага же бюджетке **10 млн сомдон** кем эмес инвестиция салганда чет элдик жаран же жарандыгы жок адам беш жылга виза алууга укуктуу. **20 млн сомдон** кем эмес инвестиция менен – ​​10 жылга виза алуу укугу берилет.