> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түркмөнстандан сатып алынган электр энергиясын Өзбекстан Кыргызстанга эмки жылы кайтарып берет
- URL: https://im.kg/all/2022/12/22/t-rkm-nstandan-satyp-alyngan-elektr-energiyasyn-zbekstan-kyrgyzstanga-emki-zhyly-kajtaryp-beret/
- Published: 2022-12-22T10:42:38.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:49:50.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өзбекстандын Энергетика министрлиги Түркмөнстандан сатып алынган, бирок ортодон колдонуп жиберген Кыргызстанга таандык электр энергиясын 2023-жылы кайтарып берүү боюнча келишимди жарыялады. Бул тууралуу маалыматты Өзбекстандын ведомствосунун басма сөз кызматы билдирди.**

Министрликтердин ортосундагы келишимдерге ылайык, тараптар бекитилген графиктер боюнча электр энергиясын бири-бирине жөнөтүп турат.

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кескин түшүп кетпеши үчүн тараптар Кыргызстанга түркмөн газынан өндүрүлгөн электр энергиясын берүүнү макулдашкан.

> «Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы Өзбекстандын энергетикалык системасы аркылуу 2023-жылы өткөрүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.