> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банктын кирешеси январь-ноябрь айларында 33%га азайды
- URL: https://im.kg/all/2022/12/22/uluttuk-banktyn-kireshesi-yanvar-noyabr-ajlarynda-33-ga-azajdy/
- Published: 2022-12-22T09:56:22.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:54:14.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Улуттук банк 8 млрд 816 млн сом киреше алды. Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 млрд 357 млн сомго (-33%) аз, анда көзөмөлдөөчү органдын кирешеси 13.17 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында берилген.**

2022-жылдын 30-ноябрына карата Улуттук банктын активдери 366.7 млрд сомду түздү (2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу +21%). Милдеттенмелер 320 млрд сомго чейин көбөйгөн (+33%). Жалпы капиталы 46.7 млрд сомду түздү.

Эске салсак, өткөн жылдын жыйынтыгы менен Улуттук банк 10.9 млрд сом киреше тапкан. 2020-жылы регулятор жылдын жыйынтыгы боюнча 8.5 млрд сом өлчөмүндө киреше тапкан.