> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Асман» шаары курула турган жер тилкеси трансформациядан өттү
- URL: https://im.kg/all/2022/12/23/asman-shaary-kurula-turgan-zher-tilkesi-transformaciyadan-tt/
- Published: 2022-12-23T16:42:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:42:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 23-декабрда «Элдик» депутаттык тобунун [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=xuXGvBqdW%5FI) жер тилкелерине жана мыйзамсыз курулган үйлөргө мунапыс берүү, аларды мыйзамдаштыруу боюнча маселе каралды.** 

Жыйында баяндама жасаган Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов трансформацияланган жерлер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2022-жылы Жер ресурстарынын кызматына кароого – бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча 94 материал келген. 

> “Жалпы отчеттук мезгилде 396.53 га жер трансформациядан өттү. 4021 га жеке турак-жай куруу категориясына өттү, анын 3143 га “Асман” шаарын курууга даярдалып жаткан жер тилкеси”, – деди Раматов.

Эскерте кетсек, мурда [Economist.kg кабарлагандай](http://localhost/info-portal/news/2022/08/10/asman-shaary-kuruluuchu-ajmak-anyktaldy/), «Асман» шаары Ысык-Көл районунун **Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагында** курулары айтылган. Кыргыз бийлиги буга чейин аталган шаарды куруу милдетин [Тимур Файзиевге](http://localhost/info-portal/news/2022/01/03/ysyk-k-ld-g-asman-shaaryn-korrupciyaga-shekt-biznes-k-l-ata-timur-fajziev-kurat/) жүктөгөн болчу. Бирок көп өтпөй министрлер кабинети ал чечиминен баш тарткан. Акыркы жолу долбоор [Кореялык](http://localhost/info-portal/news/2022/06/09/kyrgyzstan-asman-shaaryn-kuruu-bojuncha-koreya-menen-kyzmattashuuga-kyzykdar/), [Сауд Арабиялык](http://localhost/info-portal/news/2022/11/30/asman-shaary-shamal-zhana-k-n-elektr-stanciyalary-saud-investorlorgo-7-dolboor-sunushtaldy/) инвесторлорго сунушталган. Бул шаарга болжол менен 20 млрд доллардын тегерегинде акча керектелери да [айтылган](http://localhost/info-portal/news/2022/01/17/sadyr-zhaparov-asman-shaaryn-kuruuga-bjudzhetten-bir-tyjyn-korotpojbuz/) болчу.