> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Кыргызстан эт азыгы менен өзүн 89%га камсыз кылды
- URL: https://im.kg/all/2022/12/23/byjyl-kyrgyzstan-et-azygy-menen-z-n-89-ga-kamsyz-kyldy/
- Published: 2022-12-23T10:29:04.000Z
- Updated: 2022-12-23T11:07:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы Кыргызстан канаттуулар эти, мал чарбачылыгынан өндүрүлгөн эт азыктары менен өзүн өзү 89%га камсыз кылды. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр жогору. 2021-жылы өлкө өзүн азыктык буудай менен 40%га камсыздаган болсо, быйыл ал көрсөткүч 72%га чыкты. 

> “Аянт азайганына жана кант кызылчасы быйыл 9 миң гектарга себилгенине карабастан, өндүргөн кумшекер былтыркыга салыштырмалуу 25%дан ашты. Ошентип быйыл 65%га өзүбүздүн өндүргөн кумшекер менен камсыз кылып жатабыз. 

> Негизги деген азыктардын ичинен сүт, картөшкө менен камсыз кылдык. Ушул позициядагы азыктарга быйыл дээрлик эт азыгы да кирип жатат, быйыл эт менен 89%га камсыз кылып жатабыз”, – деди министр.

Ошондой эле Жаныбеков өсүмдүк майы көрсөткүчтөрдү артка тартып турганын, былтыр камсыз кылуу 12% болсо, бул жылы ал 20%га жеткенин кошумчалады.